Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарына 6-7 жаштагы балдарды кабыл алуу https://mektep.edu.gov.kg/ маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.
10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефон) иштей баштайт. Чалуу акысыз.
Төмөнкү видеолордун ссылкасына кирип кененирээк маалымат алсаңыздар болот.
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге биринчи класска электрондук каттоо
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо
Комментарии