Мектеп №83 №83 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

Окуу-тарбиялык иштер

Image result for школа2 четверть воспитательная 2019 год tОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштерОкуу-тарбиялык иштер

                                                                                                                  

 

  Бекитемин

                                                                                                                                      № 83 мектебинин  директору

                                                                                                                Калыгулов С.К.

                                                                                                                             “____”________2018-ж.

Бишкек шаарынын № 83 жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия иштери боюнча

2018 – 2019 окуу жылындагы иш-планы

 

Максаты:  “Окуучуларды маданияттуулукка,патриоттуулукка,кыргыз элинин каада-салттарын билүүгө тарбиялоо”

 

Тарбия иштеринин негизги багыттары: 1.Адеп-ахлактык тарбия.   2.Жарандык тарбия.  3 Мекенчилдикке тарбиялоо.   4.Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.  5. Көп маданияттуулукка тарбиялоо.  6. Эстетикалык тарбиялоо.  7.Эмгекке тарбиялоо.        

  1. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу. 9. Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды,жаштарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу.
  2. Адеп-ахлактык тарбия
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Өткөн окуу жылына анализ

Жаңы окуу жылына план   түзүү

сентябрь Тарбия завучу педсоветте план Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 Мектепте “Билим күнүн” өткөрүү 1-сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Салтанатуу линейка Сабактар башталат
3 Парламент мүчөлөрү менен иш жүргүзүү

План түзүү

сентябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Парламенттин чогулушу План түзүлөт
4 “РИСК”группасындагы окуучуларды,томолой, соцжетимдердин тизмесин тактоо сентябрь Тарбия завучу

соцпедагог

Директор алдындагы кеңешмеде Окуучулардын тизмеси Тизмеси такталат

Мектептин соц.паспорту түзүлөт

5 “Тимурчулар”командасын түзүү сентябрь Тарбия завучу Парламент чогулушунда Тимурчулар командасынын планы Команда түзүлөт.Балдар камкордук көрсөтүүгө көнүгүшөт
6 “Карылар күнү” акциясын өткөрүү Карыларга гүлдесте.концерттик майрам октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа Карыны сыйлоого тарбияланышат
7 “Кыз адеби кымбат” кыздар кеңеши ноябрь Кыздар кеңешинин төрайымы Кыздар кеңешинде Доклад,токтом Кыздардын өзүн алып жүрүүсү,тартиби жакшырат
8 Адеп,ахлах жана маданияттуулукка тарбиялоо жылына карата класстык сааттар ноябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешме Класстык сааттар Окуучуларды маданияттуулукка үйрөнөт
9 Акыркы коңгуроо май Тарбия завучу

Класс жетекчилер

уюштуруучу

Директор алдындагы кеңешмеде Салтанаттуу линейка Окуу процесин жыйынтыктоо

 

 

 

  1. Жарандык тарбия
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1  Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Кеңештин планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 ИДН менен жогулушууларды   өткөрүү График боюнча Тарбия завучу

соцпедагог

Өндүрүштүк кеңешмеде График,токтомдор ИДН кызматкери менен биргеликте балдардын тартиби каралат
3 Мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулукту болтурбоо,кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер Жыл ичинде Тарбия завучу

соцпедагог

Өндүрүштүк кеңешмеде План,токтомдор Балдардын тартиби жакшырат,көзөмөл күчөйт
4 Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар

“Баланын укугу”,

“Менин укугум жана милдетим”

“Коом – коррупциясыз”

Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

соцпедагог

Директор алдындагы кеңешмеде План,токтом

Рейд дептерлери

Изилдөө актылары

Кылмыштуулукка барышпайт
5 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы-негизги мыйзам” дебат сабактары май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Тарых мугалимдери

Директор алдындагы кеңешмеде план Конституция жөнүндө маалымат алышат
6 9-май Жеңиш майрамы

Концерттик программасы

май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде План,программа Жеңиш күнү эскерилет
7 Активисттер слёту май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде Сценарий түзүү Окуучулар мектептин өсүп –  өнүгүүсүнө салым кошушат
  1. Мекенчилдикке тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Тилим-менин  жан дүйнөм” Сентябрь-ноябрь Тарбия завучу

Кыргыз тил мугалимдери

Өндүрүштүк кеңешмеде Жумалыктын программасы,планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Менин шаарым” акциясы

Шаардын тарыхын, көрүнүктүү адамдарды,

Ветерандарды изилдөө

Апрель Тарбия завучу

Тарых  мугалими

Өндүрүштүк кеңешмеде Сүрөттөр,дил баяндар,

Тарыхый фактылар

Бишкек шаары жөнүндө түшүнүк алышат
3 “Ата журтум-алтын бешигим” дил баяндар конкурсу январь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу

Өндүрүштүк кеңешмеде Дил баяндар Окуучулардын ой жүгүртүүсү,сүйлөө речи өнүгөт,Ата Мекенин сүйүүгө тарбияланат
4 Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Афган,Баткен согушунун ветерандары менен жолугушуу өткөрүү февраль Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Программа Дубал газеталар

 

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат
5 “Ата Мекенимди сүйөм” сүрөттөр конкурсу февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Сүрөттөр Дубал газеталар

 

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.Сүрөт тартуу таланты өсөт
6 Ата-Мекенди коргоо күнүн өткөрүү февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа

Дубал газеталар

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.
7 Кыргыз мамлекетинин атрибуттары(герб,гимн,кыргыз туусу)күнүн белгилөө Жыл ичинде Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Атрибуттар

Класстык сааттардын пландары

Атрибуттар жөнүндө кеңири түшүнүк алышат
8 5-март Ак калпак күнү март Тарбия завучу план Баш кийимди,калпакты

сыйлоого үйрөтүү

 

  1. Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк бирикмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат
2 “ЖСМ агитбригада” кружогун уюштуруу сентябрь Биолог мугалими Өндүрүштүк кеңешмеде Кружоктун планы Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат
3 “Күз майрамы” октябрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар

Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат
4 Мектептин айланасын жашылдандыруу”Мектеп жашыл бакча” акциясы Март-апрель Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Жашылдандыруу үчүн көчөттөр Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. Көп маданияттуулукка тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Спорттук мелдештерди өткөрүү Жыл ичинде Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Тамашоу” куудулдар конкурсу ноябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Балдардын таланты өсөт,изденүүсү өсөт
3 Орус тил,чет тил сабактары боюнча декадаларга катышуу Жыл ичинде Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Декада пландары,тапшырмалар Балдар ар тараптан билимин,талантын өркүндөтө алат
4 Жаңы жылдык “Балаты” майрамы декабрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде “Балаты” майрамынын программасы

Дубал газеталар балатыны коздоо

4 “Алло! Биз таланттууларды издейбиз!” окуучулар ичинде акын жазуучулар,манас-дастанчылар конкурсун өткөрүү”

21 – февраль – Эне тил күнүнө  карата конкурс

февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде программасы Таланттуу балдардын өнөрлөрү ачылат
5 “Мектеп мырзасы” ,”Күчтүүлөр”,”Кайраттуулар”,”Шамдагайлар”спорттук мелдештер

 

февраль Дене тарбия мугалими Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде программасы Спорт оюндарына кызыгуу күчөйт
6 Нооруз майрамы март Тарбия завучу

Класс жетекчилер

программа

 

  1. Эстетикалык тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Мектеп формасы”,”Кечиккендер” рейддери дайыма Тарбия завучу

Парламент мүчөлөрү

Өндүрүштүк кеңешмеде Дубал газеталар Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Акыл ордо” интеллектуалдык конкурсун өткөрүү Предметтик мугалимдер

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Окуучулардын билими текшерилет
3 “Тилим менин-жан дүйнөм”тил майрамына арналган айлык Сентябрь-ноябрь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде Жумалыктын прграммасы

Дубал газеталар

Кыргыз тилин барктай билүүнү,тил элдин негизги атрибуту экендигин түшүнүшөт
4 “Гүл майрамы”

Класс-кабинеттерди жашылдандыруу

Кабинеттеги гүлдөр боюнча конкурс

октябрь Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Класстар жашылдандырылат
5 Күндөлүктөр,окуу куралдар акциясы октябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде күндөлүктөр Күндөлүктөрдүн,окуу куралдарынын абалы жакшырат
6 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган концерттик программа март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде

программа Аялдарды сыйлоого үйрөнүшөт
7 “Жакшы кыз-жакадагы кундуз” сулуулар конкурсу март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде

программа окуучулар эстетикалык тарбия алышат

 

 

  

 

 

7.Эмгекке тарбиялоо

Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Тимурчулар” командасынын иштери Жыл ичинде Тарбия завучу Рейд баракчалары Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат
3 “Карылар күнүнө” карата “Тимурчулар”командасынын рейддери октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд баракчалары Балдар эмгекке,карыны сыйлоого тарбияланат
4 “Эмгек десанты” чөйрөнү тазалоо март Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк

кеңешмеде

Айлана-чөйрө тазаланат,балдар эмгекти сүйүүгө тарбияланышат
5 Кесип таңдоо боюнча бүтүрүчүүлөргө багыт берүү Март

Апрель

Май

Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Окуучулар кесип таңдоого үйренет, багыт алат.

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Мугалим-мөмөлүү дарак” мугалимдер күнүнө арналган концерттик программа октябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар

 

Мугалимдик кесипти урматтоого үйрөнүшөт
2 “Өспүрүм”,”Үй-бүлө”рейддери Жыл ичинде Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд дептерлери,токтомдор Окуучулардын тартибине жашоо шартына байкоо жүргүзүлөт
3 Жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк берүү,класстык сааттар, акциялар Жыл боюнча Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог

Баш.класстардын класс жетекчилери

Өндүрүштүк кеңешмеде План,программа Жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт
4 Тематикалык тарбиялык сааттар Жыл ичинде Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде План Окуучулар ар тараптуу тарбия алышат

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Ата-энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүү сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Ата-энелер жыйналышында келишим Ата-энелер менен келишимдер түзүлөт
2 Ата-энелер жыйналыштары  Ата-энелердин ИДН кызматкери менен жолугушуусу Сентябрь

Январь

Апрель

Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Ата-энелер жыйналышында токтомдор Балдардын тартиби,ата-энелердин көзөмөлү күчөйт
3 “Мен келечекте энемин”кыздар жана энелер тегерек стол январь Тарбия завуч

Энелер,кыздар кеңеши

Энелер жыйналышында Программа, токтом Энелер кыздарга тарбиялык кеңешин беришет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                 Бекитемин

                                                                                                                                Мектеп директору

                                                                                                                                Калыгулов С.К

                                                                                                                             ___________________2018 ж

 

 

Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу иш- чаралар

1 “РИСК” группасындагы окуучуларды тактоо.Аларга карточкаларды ачуу иштерин жүргүзүү,мугалимдерди бекитүү сентябрь Тарбия завучу
2 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешинин ишин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу.

Класс жетекчилер

3 Балдарды мектепке келип-кетүүдө жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү дайыма Тарбия завучу.класс жетекчилер
4 Тентек,ар кандай адепсиз иштерге жөндөмдүү,сабакты көп калтырган окуучулар менен иш алып баруу, Үйлөрүнө рейд жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер
5 Мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери ИДН менен биргеликте иштөө Жыл бою Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер,ИДН кызматкери
6 Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө кечки рейддерди жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу

ИДН

Соц педагог

Класс жетекчилер

7 Кыздар арасында болуп жаткан кылмыштуулуктар боюнча “Кыз адеби кымбат”

9-11-класстар арасында медицина кызматкерлери   менен бирдикте тегерек стол уюштуруу

Жыл ичинде Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер
8 “Мектеп рэкетине жол жок” темасында диспут уюштуруу февраль Тарбия завучу
9 Маданий массалык спорттук иш чаралар аркылуу “Кылмыштуулукту болтурбайбыз” ураанынын астында “Мыкты спорттук класс”9-10-11-класстарда,”Мен жана менин ата-энем” 1-4-класстарда апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер

 

ТИ завучу:                                Алиева Н.И.

 

 

 

 

1 “РИСК” группасындагы окуучуларды тактоо.Аларга карточкаларды ачуу иштерин жүргүзүү,мугалимдерди бекитүү сентябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Группанын тизмеси,иштеле турган иштин мазмуну “Риск”группасындагы окуучулар такталат жана алардын үстүнөн иш жүргүзүлөт
2 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешинин ишин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу.

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Курамдын ишинин анализи Курам иштей баштайт
3 Балдарды мектепке келип-кетүүдө жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү дайыма Тарбия завучу.класс жетекчилер Класстык сааттарда Окуучулардын маршруттары Окуучулар жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк алат
4 Тентек,ар кандай адепсиз иштерге жөндөмдүү,сабакты көп калтырган окуучулар менен иш алып баруу, Үйлөрүнө рейд жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Класстык сааттарда Рейддер жүргүзүлөт Тентек окуучулардын тартиби оңдолот
5 Мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери ИДН менен биргеликте иштөө Жыл бою Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер,ИДН кызматкери Педкеңеште каралат Зордук зомбулуктун алдын алуу
6 Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө кечки рейддерди жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу

ИДН

Соц педагог

Класс жетекчилер

Педкеңеште каралат Рейддер жүргүзүлөт.

Үй турмуштары менен таанышуу

Тентек окуучулардын тарбиясы оңолот
7 Кыздар арасында болуп жаткан кылмыштуулуктар боюнча “Кыз адеби кымбат”

9-11-класстар арасында медицина кызматкерлери   менен бирдикте тегерек стол уюштуруу

Жыл ичинде Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Кыздар кеңешинде каралат Кыздар менен тарбия иштери өткөрүлөт Кыздыардын тартиби оңолот
8 “Мектеп рэкетине жол жок” темасында диспут уюштуруу февраль Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде докладдар Рэкетчиликке каршы иш жүргүзүлөт
9 Маданий массалык спорттук иш чаралар аркылуу “Кылмыштуулукту болтурбайбыз” ураанынын астында “Мыкты спорттук класс”9-10-11-класстарда,”Мен жана менин ата-энем” 1-4-класстарда апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Спорт оюндары Окуучулардын бош убактысы көңүлдүү өтөт

 

 

 

 

 

 

  1. Кыздар менен иш алып баруу
1 “Кызгалдак” кыздар уюмун уюштуруу жана иш алып баруу сентябрь Тарбия завучу,класс жетекчилер,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат план Клуб уюшулат
2 Кыздар кеңешин өткөрүү кыздардын тартиби, өзүн алып жүрүүсү боюнча иш алып баруу октябрь Кыздар кеңеши тарбия завучу Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын тартиби Кыздар өзүнө тыкан, таза болот
3 “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”тегерек стол ноябрь Тарбия завучу,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздарды тазалыкка тарбиялоо
4 “Сүйүү жашоонун мааниси” эрте жашта турмуш куруунун кесепети.Кыздар арасында дебат.энелер жана медицина кызматкерлери,ИДНдын катышуусунда декабрь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат
5 “Мен келечекте энемин” дил баяндар конкурсу январь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат
6 Кыздар жана мед кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүү февраль Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын келечеги,турмуш куруусу,өзүн алып жүрүүсү боюнча кабар алышат
7 Энелер майрамын өткөрүү май Старосталар кеңеши Өндүрүштүк кеңешмеде каралат Сценарий түзүү Окуучулар  таланттарын көргөзө алышат
8 “Менин идеалым” темасында кыргыздын белгилүү кыздары жөнүндө тегерек стол өткөрүү апрель Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздардын белгилүү кыздары жөнүндө маалымат алышат
9 Кыздар кеңешинин жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, кыздардын тартиптери боюнча сүйлөшүү май кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат План Пландын аткарылышы каралат

 

 

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:                          Алиева Н.И.

 

 

Бишкек шаарындагы

Биринчи Май районунун

№ 83 жалпы билим берүү орто мектебинин

тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алиева Н.И.

2017-2018-окуу жылындагы

жылдык  тарбия иштеринин отчету

1 – сентябрь 20117-2018 – окуу жылында билим күнүнө карата  “Кут билим” газетасы сунуштаган темалар боюнча 1-4- класстарында “Мен Кыргызстанда жашайм”,5-7-класстарда “Мен үчүн билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуу деген эмне?” ,8-11-класстарда “Өлкөбүздүн жаңы багытта өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет” атту темаларда класстык сааттар өтүлдү. 1- сентябрга арналган салтанатту линейка жогорку деңгээлде болуп өттү. Линейка 1-9-10-11- класстарынын  окуучулары , № 15 МТУ кызматкерлери жана меймандар келип катышышты. 9- А,Б,Г,В,Д класстарынын окуучулары класс жетекчилери менен бирдикте мектептин ички, тышкы кире бериштерин желекчелер жана шарлар, колго жасалган гүлдөр , дубал гезеттер менен жасалгалашты. Мектеп босогосун биринчи аттаган биринчи класстын окуучулары ырларын айтышты, 11- класстын окуучулары даярдаган майрамдык концертин тартуулашты.

Тарбия иш боюнча жылдык планды бекитилип, педагогикалык коллективке таныштырылды. Бардык класстарга класс жетекчилер бекитилди, класстык журналдар бекитилди, жаңы класс жетекчи болгон жаш адистерге насаатчылар бөлүндү, класс жетекчилердин бирикмеси түзүлдү.

Ар бир класста уюштуруу маселелери жүргүзүлдү ( класс активтери шайланды, класстык бурчтар, ден соолук бурчтары). Ар бир класс жетекчи тарабынан ЖЖЭ,ӨК,ТК,ССЭ,өзгөчө кырдаал боюнча окуучуларга нускама өтүлдү (окуучуларга кол койдуруу менен), мектептин уставы менен таныштыруу (1-11 – класстар), 5- класстырды предмет мугалимдери жана кабинеттер менен таныштыруу, маршруттук баракчалардын схемалары түзүлдү. Мектеп парламенти түзүлдү , лидерлери шайлоо болуп тандалып  алынды. Мектеп президенти болуп Усенгазиева Кайриса Бердиматовна тандалды , премьер министрликке  орус класстарына Саламатова Кундуз , кыргыз класстарына Жолдошева Назми дайындалды.  МЖЖ, ИЖЖ, ЖӨКО окуучулардан түзүлүп, ар бир отрядка жооптуу класс жетекчилер бөлүндү. Жол коопсуздугу, наркология, СПИД борборуу , Туберкулез, ИИМ менен биргелишкен план түзүлдү.

11- сентябрь күнү 5-6- класстын кыздарына  “Либрес ” компаниясынын медицина кызматкерлери тарабынан өздүк гигиена боюнча лекция окулуп, бардык кыздарга компаниянын белектери берилди.

12- сентябрдан -22 сентябрга чейин Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругунун негизинде  суусу бар жайларда суда сүзуу эрежелерин   сактоо боюнча кластык сааттар  өтүлдү. Окуучуларга класс жетекчилер тарабынан биринчи жардам берүү, сууда сүзүү эрежелери, кандай сууларга түшүү керектиги туралуу маалыматтар берилди.

16 -сентябрь озондук катмарды сактоо үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө  арналган класстык сааттар өтүлдү. Озон катмары туралуу парламент мүчөлөрү тарабынан озон катмарын сактоо туралуу акция өткөрүлдү.

23- сентябрь Кыргыз республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан фойени жасалгалашып, 23- сентябрь күнү кыргыз тили жана адабияты мугалимдери уюштурган майрамдык кеченин ачылышы болуп өттү. 11 – г – классынын окуучулары тарабынан мектепте “Эне тилим-эне сүтүм” атту темада   иш-чара болуп өттү. Бул иш- чарага мугалимдер 8-11-класстырынын окуучулары катышышты. Бул иш чарада кыргыз тили боюнча  ырлар, оюндар , дубал гезиттер, улуттук кийимдер, кыргыз элинин унутта калган сөздөрү, орус балдардын кыргызча ырларды айтып беришкендиги абдан кызыктуу болду.

26- сентябрь Кутурма оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата класстык сааттар өтүлдү, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругунун негизинде  бул темада жат жазуулар алынды.

Сентябрь айында жол эрежелерин сактоо боюнча  мектепке дайындалган инспектор ага лейтенант Кубатов Ж.Б. менен биргелишкен план түзүлдү жана эки жактан бекитилди.  Мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сентябрь айында күн сайын саат 7.30-9.30- чейин мектеп алдындагы жол өтүмдүрүндө көзөмөлдө турду.  29- сентябрда директор алдындагы кеңешмеде жалпы педагогикалык коллективке милициянын ага лейтенанты Кубатов Ж.Б. “ Жол коопсуздук эрежелери”  боюнча, Кыдырмышов Т.Д. “Кылмыштуулукту алдын алуу ” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана ушул темалар боюнча мектеп окуучуларына  да лекция окулду. Жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча жаш инспекторлор тобу түзүлүп, планы бекитилди.

Бардык класс жетекчилерден окуучулардын социалдык абалы жөнүндө маалыматтарды соц педагог алып, мектеп окуучуларынын социалдык абалын тактады.

Ата-энелер чогулушу болуп өттү, бардык класстарда ата-энелер комитеттери шайланды. Мектептин профилактикалык кеңешинин мүчөлөрү  дайындалып, мектеп директорунун буйругунун негизинде план түзүлүп 22.09.2017 биринчи профилактикалык кеңешме  болуп өттү.  9-Д классынын окуучусу Эркебаев Азамат 3 сабагынан жетишпей ордуна калгандыгына байланыштуу, бул боюнча тиешелүү иш -чаралар жүргүзүлүп Биринчи Май билим берүү бөлүмүнөн атайын адис чакырылып кайрадан экзамен алынды. Экзамен жыйынтыгында 2 деген баа алды, бирок биринчи май билим берүү башкармасы тарабынан Азаматка биринчи жарым жылдыкка  чейин окууларынан жетишүүсү боюнча  убакыт берилди  жана 9- Д классынан 9-Г классына которулду, ата-энесинин суранычы боюнча . 2 –Ж- классынын окуучусу Азимов Даниель математика, жазуу, адабий окуу сабактарынан жетишпей ордуна калгандыктан , проф советтин жана пед. советтин чечими жана ата-энесинин  макулдугу менен кайрадан  2- Ж классына отургузулду.  9- Г -классынын окуучусу Джамалбекова Акбермет  үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизинде (апасы мас абалында кызын уруп соккондуктан) Биринчи Май районунун СӨБ ҮБЖӨККБ кызматкерлери тарабынан баодарды социалдык адаптациялоо борборуна кырдаал аныкталганга чейин жеткирилген . ЖЖИБК нын чечими менен тай эжеси Сулайманкулова Тотугул  багып алды, Акбермет 6 айга мектеп көзөмөлүнө алынды. Андан кийин 23.10.2017 октябрда экинчи профилактикалык кеңешме болуп өттү. Бул кеңешмеде 8- А -классынын окуучусу Сүйүнтбек уулу Ынтымак мектеп ичинде тартип бузгандыгы үчүн проф кеңешмеге салынган, ата-энеси келбегендиктен, проф кеңешменин мүчөлөрү бул ишти кийинкиге калтырышты.  3 – г классынын  окуучусу Аманов  Марсель  13 – октябрь күнү сабактан чыккан боюнча үйүнө барбай, түнкү саат  1- де үйүнө келген. Бул тууралу мектепке билдирилип, Окуу бөлүмүнүн башчысы жана ТИ башчысы саат 10. 30- чейин Марселдин үй – бүлөсү менен издөө жүргүзүшүп, тиешелүү жерлерге билдиришкен. Баланын атасы баладан баш тартып, апасы Дубайда иштегендиктен, апасынын эжеси багат. Эртеси күнү бул баланын үйүнө мектеп психологу тарбия завучу, соц. педагог ЖӨИ кызматкери барып келишти. Психолог аңгемелешип баланын жөн эле эркеликтен жалкоолонуп жатат деген тыянак чыгарды.  Бала табылган күндүн эртеси тай эжеси менен тажездеси медициналык көзөмөлдөн жана психологдон өткөрүп келишкенин жана баланын дени сак экендигин тастыктаган маалым кат алып келишкен.  Кеңешменин чечими менен баланы психолог менен класс жетекчи өз көзөмөлүнө алып, окуй берүүсү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Сентябрь айында 4 жолу компьютер клубlарга, дүкөндөргө рейд жүргүзлдү. Класс жетекчилер тарабынан түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде соц педагог , психолог , ТИ 6 окуучунун үйүнө рейдке барышты. Тарбиялоого оор балдар менен иш жүргүзүлүп жатат.  Мектеп ичинде тартип бузган окуучулар менен ар дайым иш жүргүзүлүүдө.

04.10. 2017 – жылында, 1- октябрь “Бүткүл дүйнөлүк карылар күнүнө”  карата класстык сааттар өткөрүлүп , парламент мүчөлөрүнүн жардамы менен ар бир класс биздин аймакка караган кары адамдардын үйлөрүнө барып, өз жардамдарын көрсөтүп келишти. Тимурчулар командасы               9 – В классы жана 7-А -классынын окуучулары  класс жетекчиси Ибраева Г.Б. менен бирдикте Профсоюзная 78 көчөсүндө жашаган Абикенов Эсенгул Ажыгулович жана Абикенова Салый Самаковнанын үйүнө барып, үй жумуштарына  жардамдашып, белектерин  беришип көңүлдөрүн көтөрүп кайтышты. Өзүбүздүн мектепте эмгектенген пенсия курагындагы 14 мугалимди администрация тарабынан карылар күнүнө карата куттуктап белектер берилип чакан концерт уюштурулду. Мектеп парламентинин  уюштуруусу менен мектеп окуучуларына карылар күнүнө карата 30- октябрь күнү акция болуп өттү. Бул акцияда балдар кары адамдарды сыйлоо керектигин, аларды ар дайым барктап, кадырлап жүруу керектигин баса айтышты. Кары адамдарга арналган ыр саптарын жана куттуктоолорун айтып беришти.

5- октябрь мугалимдер күнү майрамында мектептин ички буйругунун негизинде өзүн өзү башкаруу күнү болду. Ар бир класска 11- класстын окуучуларынан предметтик мугалимдер, класс жетекчилер дайындалды.     11- А классы тарабынан дайындалган чакан концерттик программа болду.

ЖСМ (жашоонун сергек мүнөзү) улуттук программанын алкагында жана жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулук жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча класстык сааттар өткөрүлдү. Дене тарбия мугалимдери  “Биз спорт үчүн!” деген темада 5- класстын окуучулары арасында футбол, 8-9- классынын окуучуларынын арасында отуруп тууру, турникке тартылу, 100 метрге чуркоо  боюнча  мелдештер уюштурду. 3 1 –окбярь күнү мектептин ички планынын  негизинде мектеп директоруну буйругу менен  5-11- класстар арасында   мектепте күзгү бал болуп өттү. Күзгү балга бардык класстар активдүү катышышты. 31-  октябрь күнү акыркы саат класстык саат өтүллдү. Окуучуларга 1 чейректин жыйынтыгы , күзгү каникулду өткөрүү туралуу талкулоо, каникул убагында ЖЖЭ, ТК, ӨК, өзгөчө кырдаал боюнча окуучуларга инструктаж өткөрүлдү.

Мектептин ички коопсуздугун сактоо боюнча күнүнө администрациядан бир адам,  3 мугалим   саат 8.00 дөн 18.30 га  чейин кезметчилик кылышат. Соц педагог ,ЖӨИ, ТИ боюнча директордун орун басары дайыма кечиккен, сабак калтырган, мектеп ичинде тартип бузган окуучулар менен ар дайым иш жүргүзүшөт.

Ноябрь айында «Бруцеллез,Кутурма,Туберкулёз » оорулары жөнүндө 1-11-класстарда класстык сааттар  өткөрүлдү. 6-класстарда “Биз бруцеллез боюнча эмне билебиз?” конкурсу өткөрүлдү.”Спид”күнүнө карата иш чаранын планы түзүлүп,жаш өзгөчөлүгүнө жараша класстык сааттар өтүлүп дубал гезиттери чыгарылды.  10-11-класстардын окуучулары  “Вич-инфекция-социалдык экономикалык көйгөй” атту темада дубал гезиттерин  чыгарды. Мектептин психологу уюштурган  “Вич-инфекция-социалдык экономикалык көйгөй” деген темада кыска  видеолор 8-11-класс окуучуларуна  көрсөтүлдү. 5-6 класстар “СПИД” боюнча диктант жазышты.7-8-класстарда “Бангиликке жол жок ” деген темада дубал гезит конкурсу  өткөрүлдү. 7-класстар “Тамеки чегүү сиздин  ден соолугуңузга зыян келтирет”  темада акция  өткөрүштү. 6-класстар “Ичимдиктердин зыяндуулугу” деген темада дубал гезиттерин чыгарышты. “20- ноябрь Балдардын укугун коргоо күнүнө”  парламент мүчөлөрү акция өткөрүштү.Ден соолукту сактоо максатында  5-11-класстар арасында  дене тарбия сабагынан  мелдештер өткөрүлдү.5-11-класстардан  “Мектеп жана үй бүлө”, “Сен өзүңдүн укуктарыңды жана милдеттериңди билесиңби?” деген темада соц.педагог жана психолог  анкеталарды алышты Мектептин медайымы “Ден соолукту кантип сактайбыз”аттуу лекцияны  5-11-класстарда  окуду.Күндөлүктөрдү  бардык класстарда текшерүү болду. 4 жолу компьютерный клубдарга   рейд жүргүзүлдү.Тарбиялоого оор балдар менен иш жүргүзүлүп жатты. Келбеген окуучулар менен класс жетекчилер ата энесине билдирип сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты. Кечиккен окуучулардын күндөлүгүнө жазылып, класс жетекчилер менен иш жүргүздүк. Мектепте 11майып окуучу окуйт.3-декабрь майып күнү болгондуктан, камкордук акциясы өткөрүлүп  чакан белектер  берилди. Кабинеттердеги “Ден-соолук”,”Класстык бурч”,”Тартип бузуу”,”Балдардын укугу” стендтери,буклеттери  жөнүндө маалыматтар толукталуусу айтылып турду.  20- ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк балдардын укугун коргоо ” күнүнө карата 1-2 – класстарда сүрөт конкурсу болуп өттү. 1-11 – класстарында “Бактылуу балалык” атту темада класстык сааттар өтүлдү. Дайыма ички жана тышкы аянттарды тазалоо иштери  жүрүп,3-сабактан кийин желдетүү,тазалоо болуп  турду.Тарбиялоого оор балдар менен иш жүргүзүлдү. Жугуштуу оорулар  жөнүндө дайыма түшүндүрүү иштери болуп жатты.  Класстарда  класстык чогулуш,ата-энелер чогулушу болуп,мектепте, класста болуп жаткан  маселелерди чечип, жашообуздагы көйгөйлүү маселелер тууралуу (экстремизм агымдары,террорго каршы күрөшүү,коррупцияга жол жок ) талкуу кеңири өткөрүлдү.Андан тышкары ата-энелерге сак болуу,окуучулардын коопсуздугун сактоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин айтып өтүштү. Антикоррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча  3- класс окуучуларына “ Чын же  калп”, 4- класстарда “ Менин байлыгым -менин досторум” , 5- класстарда “Акча өзүмдүкү жэ башканыкы ” атту темада класстык сааттар  өткөрүлдү. 16.11 2017 жылы мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болду. Чогулушта төмөнкү маселелер каралды: 1)туберкулез оорусу, 2)коррупцияны кантип токтобуз, 3)жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштулуукту алдын – алуу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшү, 4) тюрага, 404  социалдык  тармактардагы оюндардын таралышы жөнүндө.

1-декабрь «ВИЧ-СПИД-инфекциялык социалдык  экономикалык көйгөй » күнү боюнча  план түзүлүп,класс жетекчилерге боло турган иш чаралар  жөнүндө маалымат  берилди. 1-декабрь «ВИЧ-СПИД-инфекциялык социалдык  экономикалык көйгөй » күнү “Биз сергек жашоо үчүн күрөшөбүз” аттуу акцияны 9-д класстын окуучулары өткөрүштү.10- а,г класстын  окуучулары ушул тема боюнча слайд менен 9-8-класстын  окуучуларына   сабак  өтүштү.Сабакка окуучулар изденүү менен даярданышкан.8 -11 класстын окуучуларына  «ВИЧ-СПИД-инфекциялык социалдык  экономикалык көйгөй » оорусу боюнча  медайым  лекция окуду.1- 4- класстар «Өздүк гигиенаны сактоо» деген темада сүрөт көргөзмө башталгыч класстардын класс жетекчилери уюштурушту , 5- класстар “Биринчи байлык ден соолук” класстык саат, 6 -11 класстар  1-декабрь «ВИЧ-СПИД-инфекциялык социалдык  экономикалык көйгөй »  класс өзгөчөлүгүнө жараша класстык сааттарды өткөрүштү. 3-декабрь майып адамдардын укугун коргоо  күнү болгондуктан, “Биз биргебиз” деген темада  план түзүлүп,иш чаралар класс жетекчилерге тааныштырылды.Парламент мүчөлөрү менен  уюштуруучу акция өткөрдү.16 окуучуга  мектептин окуучулары  тарабынан  белектер берилди.

9- декабрь  Коррупцияга каршы күнүнө карата дубалгезиттер чыгарылып, ккласстык сааттар өтүлдү. Мындан тышкары директордун алдындагы кеңешмеде мектепте акча чогултпоо тууралуу  буйрук окулду.  Бул буйрукту  06.12.17  жылы жалпы ата энелер чогулушу болуп , ата энелерди буйрук менен тааныштырып, мектепте эч кандай акча чогултпоо туралуу айтылды.10-декабрь “Адамдардын укугун коргоо күнүнө” класстык сааттар өтүлдү,11-г класстын окуучулары акция уюштуруп, баракчаларды таратышты.  Соцпедагог,психолог    тарбиялоого оор балдар менен иш  жүргүздү. Линейка болуп сабактан көп калган,форма  маселеси,тартип бузган окуучулардын бардыгына эскертүү берилди.Жаңы жылга карата 1- 11 класстарда график  түзүлүп  “Бал маскарад” өткөрүү  уюштурулду.Кабинеттер кооздолду. Жаңы жылга  карата класстык сааттар өткөрүлдү.Декабрь айында класс жетекчилер өз убагында өзүлөрүнүн кезметин аткарышты. орус тил мугалимдери диктант  алышты.Сасык тумоо оорусу,сарык оорусу, кант диабети , туберкулез ,өздүк гигиена боюнча түшүндүрүү иштери класс жетекчи,предмет тарабынан болуп,класстык сааттар өтүлүп,диктант жаздырышты.  2 декабрь 9 В классы, класс жетекчиси Ибраева Г.Б. “Эрте үйлөнүүгө каршыбыз!” атту темада ачык класс саатын өткөрдү.7 класстар арасында кыздар совети болуп өттү, Мектеп ичинде тартип бузган окуучулар менен ата-энелерин чакырып, класс жетекчи менен бирдикте иш алып бардык.Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында старосталардын күчү менен акция  өткөрүлдү,класс жетекчилер предмет мугалимдер түшүндүрүү иштерин  жүргүзүп жатат.Рэкет маселеси боюнча окуучулар менен жекече сүйлөшүүлөр болуп  жатат.

Акыркы убактарда жол кырсыгы көп катталгандыктан класс жетекчилер тарабынан  жолдо жүрүү эрежелери күн сайын айтылып турду. Бул жол кырсыктары кобүнчө жаңы курулган  прфсоюзный көчөсүндө болуп жаткандыгы катталууда. Себеби жол куруу иштери аягына чыга элек болгондуктан эч кандай эрежелер сакталбай келет. Акыркы эки айдын жыйынтыгында  3  жол кырсыгы катталды. Бул окучуулардын ата – энелери менен класс жетекчилери жана мектеп администрациясы биргеликте иш-чаралар  жүргүзүлдү. Окуучулардын ден соолугуна кооптону жок.

Окуучуларга өздүк гигиенаны сактоо,тазалыкты сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,кабинеттерди желдетүү ,хлор менен тазалоо болуп жатат.Мектептин ички жана тышкы территориялары өз убагында тазаланып турду.Декабрь  айында 3 жолу рейд компьютерный клубдарга жүргүзүлдү. Чейректин жыйынтыгында, коопсуздук эрежелери жөнүндө маалыматтар берилип,каникул учурунда  жолдо жүргөндө сак  жүргүлө деп айтылды.Бардык берилген тапшырмалар класс жетекчинин,предмет мугалимдин жардамы менен убагында аткарылды.

Январь айында санитардык абалды катуу көзөмөлгө алуу менен бардык класс жетекчилер окуучулардын өздүк гигиенасын сактоосуна, кабинеттердин тазалыгын көзөмөлдөөсүнө , желдетүүсүнө дайыма көңүл бурушту. “Өзүн –өзү алып жүрүүнүн ,сүйлөөнүн маданияты”, “Сасык тумоо оруусу”, “Эхинококкоз”,”Өрт коопсуздугу”,”Толеранттулук жөнүндө” класстык сааттар өтүлдү. Башталгыч класстарында 19.01.17 ж “Абайла тайгактан” атту темада  1- 2 –  класстарында класстык сааттар өтүлдү жана “Кыймыл ден-соолукту чыналтат” атту темада 3- класстарында  мелдеш өткөрүлдү. Өрт коопсуздук эрежелери боюнча, өрттүн пайдасы жана зыяны, келип чыгуу себептери, биринчи медициналык жардам көрсөтуу боюнча класстык сааттар өткөрүлдү.

21.01.2017 – ж. 8 – Д классы менен 6-Б классы «Өрт тилсиз жоо» темасында ачык класстык саат өткөрүштү. 8-9-10-11 – класстарынын окуучуларынын арасында “Биз спорт үчүн” аттуу темада спорттук мелдештер өткөрүлдү. 9 – класстар арасында толеранттулук боюнча класстык саатар өткөрүлдү.

Февраль айында илим жана техника жумалыгы боюнча план түзүлүп, декаданын планы менен мугалимдер жамаатын таныштырдык. 17-февраль күнү 9 -Г классы менен 6-Г классы  5-11- класстарына ачык иш-чара   өткөрүп беришти. Илим жана техника жумалыгы боюнча окуучулар тарабынан дилбаяндар, сүрөттөр жана дубал гезиттери чыгарылды. Окуучулардын өз колу менен жасаган буюмдарынын көргөзмөсү өттү. Парламент мүчөлөрү акция жүргүүзүштүү.

10.02.18-18.02.18- ж. “Жаш өспүрүмдөр арасында социалдык тармактагы оюндардын куч алышы жана аларды алдын алуу ” боюнча баардык класстарда ата -энелер чогулушу өттү. Баардык ата энелер балдардын мектепке телефон алып келуусүнө каршы болушту. Балдарын социалдык түйүндөрдөн четтетүүгө сөз беришти.

19.02.2018–ж. Салт боюнча 8 –класстар арасында 21- февраль “Эне тил күнүнө” карата конкурс өткөрүлдү. Конкурста биринчиликти 8 -г классы жеңишке ээ болду.

12.02.2018 – ж. 4 г –  классында “Что такое хорошо, что такое плохо” деген темада ачык класстык саат өтүлдү. 19.02.2018- ж. 4 д – класында “Свобода и ответственность” аттуу класстык саат өттү.

”Жоокер ыры ” райондук конкурсуна мектеп окуучулары даярдалып, конкурста  окуучулар өздөрүүнүн композицияларын жакшы аткарышты.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан берилген тапшырманын негизинде мектеп окуучууларына ЖЖЭ сактоо жөнүндө класстык сааттарды өткөрүү тууралуу класс жетекчилерге мектеп жетекчилиги тарабынан тапшырма берилди.

20.02.2018- ж . 23- февраль “Мекен коргоочулар күнүнө” карата 7-Б классы  ачык класстык саат өткөрүштү. Концертте ыр ырдалып , бий биленип, аскер жоокерине тиешелүү конкурстар, оюндар  аткарылды жана согуш убагын чагылдырган сахналаштырылган   сценка коюлду. Бул класстык саат жогорку деңгээлде өттү.

26.02.2018 -ж.  4- А,4 –Б,4 –В класстары биргелишип “Тартип бузуу бул эркиндикпи же муктаждыкпы” деген темада ачык класстык саат өткөрүштү.

Март айынын үчү күнү мектеп окуучуларына линейка өткөрүлдү. Линейкада 3 -март “Кыргызстандын желеги күнү” экендиги айтылып, старосталар линейкада желек туралуу толук маалымат беришти. 5- март   ак калпак күнүнө карата план түзүлдү, план боюнча класстык сааттар өтүлдү жана парламент мүчөлөрү акция жүргүзүштү.

8- март бүткүл дүйнөлүк аялдар күнүнө карата, 7- март күнү 7- а, 8-б  класстарынын  окуучулары концерт өткөрдү. Мектептеги мугалимдер жамаатына жана  окуучу кыздарга жагымдуу маанай тартуулашты.

Мектептин мед айымы Шувалова Е.А баардык класстарга март айында туберкулез боюнча лекция окуду.  Баардык класстарда класстык сааттар өтүлдү. 10-11 – класстарда наркомания жана тамеки чегуунү алдын алуу боюнча ачык класстык саатар өткөрүлдү.

18.03.2018- ж .  Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мектепте  жалпы  ата – энелер чогулушу болуп өттү.  Чогулушка ата энелер, мектеп жетекчилиги мугалимдер жамааты , №15 МАБтын башкармасы жана башкы адиси, аксакалдар соту келип катышып кетишти.

19 – март күнү мектепте “Нооруз” майрамы болуп өттү. Бул майрамды 7- в , 9-д-класстары уюштурушту. Бул концертте кыргыз элинин каада салты, сүмөлөктүн келип чыгышы, жасалышы  туралуу сахналаштырылган сценка коюлду. Окуучулар арасында улуттук оюндар ойнотулду.

21- март күнү башталгыч класстар усулдук  бирикмесинин мугалимдери мектеп жамааты, ата- энелер менен бирдикте Нооруз майрамын № 15 МАБ кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундарга майрамдык кече өткөрүштү.

Апрель революциясы боюнча  предмет мугалимдер,класс жетекчилер  берилген тапшырмаларды аткарышты.”Космонавттар күнүнө” арналган класстык сааттар өтүлдү,    8 – класcтын окуучуларынын уюштуруусу  менен мектепте иш-чара болуп өттү. Иш-чарада ыр ырдалып, бий биледи, оюндар ойнотулду, космонавттар жөнүндө маалыматтар берилди. Экстремизм боюнча  класс жетекчилер,предмет мугалимдер,ата-энелер түшүндүрүү,алдын алуу иштерин  окуучулар менен жүргүзүп чогулуштарда айтылды. Окуучуларды намыскөйлүккө,патриоттуулукка мекенди коргоого тарбиялоо максатында “Милициянын жаш жардамчысы” мелдешине 10 окуучу катышып өздөрүнүн активдүүлүгүн,шамдагайлуулугун көрсөтүп келишти.Активдүү катышкандыктары үчүн грамота алып келишти.Мектептин медайымы окуучуларга жугуштуу оруулар тууралуу маалыматтардан  берди. 29-апрель “Шаар күнүнө” арналган дубал гезиттерин парламент мүчөлөрү  чыгарышты,9 Г,6 Г класс жетекчисинин уюштурусу менен концерт болду.Бардык класс жетекчилер  “Шаар күнүнө” арналган  класстык сааттарды өткөрүштү.Башталгыч класстарынын окуучулары тарабынын                                     “Бишкек шаарына 140 жыл “ деген темада сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Соцпедагог, ЖӨИ кызматкери, ТИ башчысы бир жумада бир жолу компьютердик  клубдарга  рейд жүргүзүп турушту.

Убагында окуучуларга прививкалар жасалып жатты.

Жаз айынын башталышы менен мектептин тегерегин тазалоо иштери катуу жүргүзүлдү, көчөттөр тигилип, мектептин алдына гүлдөр отургузулду. Жума сайын ички жана тышкы  аянтчалар убагында кылынды.

Кечиккен, формасы жок окуучуларга тиешелүү чараларды колдонуп,ата-энелер менен сүйлөшүүлөр болду.Тартип бузган окуучулар менен класс жетекчи, ата – эне  болуп биргеликте иш жүргүзүп,тиешелүү чараларды колдондук. Мектептин  ЖӨИ көзөмөлүндө турган окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, класс жетекчилер менен бирдикте иштер жүргүзүлдү.Бүтүрүүчү класстарга кесипти тандоо боюнча маалыматтарды окуучуларга  класс жетекчилер,психолог тарабынан берилди. Ата-энелер  чогулушунда окуучулардын келип кетүүлөрү туралуу талкуу кеңири болду.1-4-класстын окуучуларын ата-энелер күндө алып келип,алып кете тургандыгын эскертилди.Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында 5-7-класстардын окуучуларына  “Рэкет” ,”Ата-энени сыйлоо” фильмдери көрсөтүлдү.Окуучулардын бардыгына  күн жылыганына  байланыштуу курт кумурскалардан абайлоо,тоолорго чыкпоо туралуу эскертилди.1-11-класска чейин окуучулардын социалдык абалын тактоо,батирде жашагандарды тактоо класс жетекчилерге тапшырмалар берилди.Соцпедагог,класс жетекчи,ЖӨИ  бардык  социалдык абалы начар окуучулардын үйүн кыдыруу жөнүндө айтылды.

Май айы майрамдарга бай болгондуктан иш чаралар көп өткөрүлдү.1-май  “Эмгекчилердин эл аралык майрамы күнүнө”  карата класстык сааттар  өткөрүлдү. 5-май  “Конституция күнүнө” карата класстык сааттар өткөрүлдү. “Конституция күнүнө” карата 5-11-класстын старосталары ушул темада мелдеш өткөрүштү.   9-Май “Улуу Жеңиш” майрамына карата “Песни военных лет” деген аталыштагы  эскерүү концерти  уюштурулду

22- майда мектепте активисттер  слёту болуп өттү.Слётто мектептин коомдук иштерине жигердүү катышкан окуучуларды жана алардын ата энелерин ,жыл бою мыкты эмгектенген класс жетекчилер, жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты класс” номинациясына ээ болгон класстар  мектептин  мактоо грамоталары менен сыйланышты.

25-Майда  мектепте “Акыркы коңгуроо” аземи болду.Салтанаттуу линейкага 9-10-11- класстардын окуучулары жана мугалимдердин эмгек жамааты катышышып,концерттик программа  коштоду.

 

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:                   Алиева Н.И.