СОШ №83 Средняя общеобразовательная школа №83

Воспитательная работа

                                                                                                                  

Бишкек шаарынын № 83 жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия иштери боюнча

2019 – 2020 окуу жылындагы иш-планы

 

Максаты:  “Окуучуларды маданияттуулукка,патриоттуулукка,кыргыз элинин каада-салттарын билүүгө тарбиялоо”

 

Тарбия иштеринин негизги багыттары:

1.Адеп-ахлактык тарбия.  

2.Жарандык тарбия.

 3 Мекенчилдикке тарбиялоо. 

 4.Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо. 

5. Көп маданияттуулукка тарбиялоо. 

6. Эстетикалык тарбиялоо.  

7.Эмгекке тарбиялоо.        

  1. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.
  2. 9. Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды,жаштарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу.
  3. Адеп-ахлактык тарбия
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Өткөн окуу жылына анализ

Жаңы окуу жылына план   түзүү

сентябрь Тарбия завучу педсоветте план Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 Мектепте “Билим күнүн” өткөрүү 1-сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Салтанатуу линейка Сабактар башталат
3 Парламент мүчөлөрү менен иш жүргүзүү

План түзүү

сентябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Парламенттин чогулушу План түзүлөт
4 “РИСК”группасындагы окуучуларды,томолой, соцжетимдердин тизмесин тактоо сентябрь Тарбия завучу

соцпедагог

Директор алдындагы кеңешмеде Окуучулардын тизмеси Тизмеси такталат

Мектептин соц.паспорту түзүлөт

5 “Тимурчулар”командасын түзүү сентябрь Тарбия завучу Парламент чогулушунда Тимурчулар командасынын планы Команда түзүлөт.Балдар камкордук көрсөтүүгө көнүгүшөт
6 “Карылар күнү” акциясын өткөрүү Карыларга гүлдесте.концерттик майрам октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа Карыны сыйлоого тарбияланышат
7 “Кыз адеби кымбат” кыздар кеңеши ноябрь Кыздар кеңешинин төрайымы Кыздар кеңешинде Доклад,токтом Кыздардын өзүн алып жүрүүсү,тартиби жакшырат
8 Адеп,ахлах жана маданияттуулукка тарбиялоо жылына карата класстык сааттар ноябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешме Класстык сааттар Окуучуларды маданияттуулукка үйрөнөт
9 Акыркы коңгуроо май Тарбия завучу

Класс жетекчилер

уюштуруучу

Директор алдындагы кеңешмеде Салтанаттуу линейка Окуу процесин жыйынтыктоо

 

 

 

  1. Жарандык тарбия
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1  Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Кеңештин планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 ИДН менен жогулушууларды   өткөрүү График боюнча Тарбия завучу

соцпедагог

Өндүрүштүк кеңешмеде График,токтомдор ИДН кызматкери менен биргеликте балдардын тартиби каралат
3 Мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулукту болтурбоо,кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер Жыл ичинде Тарбия завучу

соцпедагог

Өндүрүштүк кеңешмеде План,токтомдор Балдардын тартиби жакшырат,көзөмөл күчөйт
4 Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар

“Баланын укугу”,

“Менин укугум жана милдетим”

“Коом – коррупциясыз”

Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

соцпедагог

Директор алдындагы кеңешмеде План,токтом

Рейд дептерлери

Изилдөө актылары

Кылмыштуулукка барышпайт
5 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы-негизги мыйзам” дебат сабактары май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Тарых мугалимдери

Директор алдындагы кеңешмеде план Конституция жөнүндө маалымат алышат
6 9-май Жеңиш майрамы

Концерттик программасы

май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде План,программа Жеңиш күнү эскерилет
7 Активисттер слёту май Класс жетекчилер

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде Сценарий түзүү Окуучулар мектептин өсүп —  өнүгүүсүнө салым кошушат
  1. Мекенчилдикке тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Тилим-менин  жан дүйнөм” Сентябрь-ноябрь Тарбия завучу

Кыргыз тил мугалимдери

Өндүрүштүк кеңешмеде Жумалыктын программасы,планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Менин шаарым” акциясы

Шаардын тарыхын, көрүнүктүү адамдарды,

Ветерандарды изилдөө

Апрель Тарбия завучу

Тарых  мугалими

Өндүрүштүк кеңешмеде Сүрөттөр,дил баяндар,

Тарыхый фактылар

Бишкек шаары жөнүндө түшүнүк алышат
3 “Ата журтум-алтын бешигим” дил баяндар конкурсу январь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу

Өндүрүштүк кеңешмеде Дил баяндар Окуучулардын ой жүгүртүүсү,сүйлөө речи өнүгөт,Ата Мекенин сүйүүгө тарбияланат
4 Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Афган,Баткен согушунун ветерандары менен жолугушуу өткөрүү февраль Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Программа Дубал газеталар

 

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат
5 “Ата Мекенимди сүйөм” сүрөттөр конкурсу февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Сүрөттөр Дубал газеталар

 

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.Сүрөт тартуу таланты өсөт
6 Ата-Мекенди коргоо күнүн өткөрүү февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа

Дубал газеталар

Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.
7 Кыргыз мамлекетинин атрибуттары(герб,гимн,кыргыз туусу)күнүн белгилөө Жыл ичинде Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Атрибуттар

Класстык сааттардын пландары

Атрибуттар жөнүндө кеңири түшүнүк алышат
8 5-март Ак калпак күнү март Тарбия завучу план Баш кийимди,калпакты

сыйлоого үйрөтүү

 

  1. Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк бирикмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат
2 “ЖСМ агитбригада” кружогун уюштуруу сентябрь Биолог мугалими Өндүрүштүк кеңешмеде Кружоктун планы Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат
3 “Күз майрамы” октябрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар

Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат
4 Мектептин айланасын жашылдандыруу”Мектеп жашыл бакча” акциясы Март-апрель Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Жашылдандыруу үчүн көчөттөр Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат

 

  1. Көп маданияттуулукка тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Спорттук мелдештерди өткөрүү Жыл ичинде Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Тамашоу” куудулдар конкурсу ноябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Балдардын таланты өсөт,изденүүсү өсөт
3 Орус тил,чет тил сабактары боюнча декадаларга катышуу Жыл ичинде Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Декада пландары,тапшырмалар Балдар ар тараптан билимин,талантын өркүндөтө алат
4 Жаңы жылдык “Балаты” майрамы декабрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде “Балаты” майрамынын программасы

Дубал газеталар балатыны коздоо

4 “Алло! Биз таланттууларды издейбиз!” окуучулар ичинде акын жазуучулар,манас-дастанчылар конкурсун өткөрүү”

21 – февраль — Эне тил күнүнө  карата конкурс

февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде программасы Таланттуу балдардын өнөрлөрү ачылат
5 “Мектеп мырзасы” ,”Күчтүүлөр”,”Кайраттуулар”,”Шамдагайлар”спорттук мелдештер

 

февраль Дене тарбия мугалими Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде программасы Спорт оюндарына кызыгуу күчөйт
6 Нооруз майрамы март Тарбия завучу

Класс жетекчилер

программа

 

  1. Эстетикалык тарбиялоо
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Мектеп формасы”,”Кечиккендер” рейддери дайыма Тарбия завучу

Парламент мүчөлөрү

Өндүрүштүк кеңешмеде Дубал газеталар Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Акыл ордо” интеллектуалдык конкурсун өткөрүү Предметтик мугалимдер

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Окуучулардын билими текшерилет
3 “Тилим менин-жан дүйнөм”тил майрамына арналган айлык Сентябрь-ноябрь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу

Директор алдындагы кеңешмеде Жумалыктын прграммасы

Дубал газеталар

Кыргыз тилин барктай билүүнү,тил элдин негизги атрибуту экендигин түшүнүшөт
4 “Гүл майрамы”

Класс-кабинеттерди жашылдандыруу

Кабинеттеги гүлдөр боюнча конкурс

октябрь Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Класстар жашылдандырылат
5 Күндөлүктөр,окуу куралдар акциясы октябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде күндөлүктөр Күндөлүктөрдүн,окуу куралдарынын абалы жакшырат
6 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган концерттик программа март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде

программа Аялдарды сыйлоого үйрөнүшөт
7 “Жакшы кыз-жакадагы кундуз” сулуулар конкурсу март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде

программа окуучулар эстетикалык тарбия алышат

 

7.Эмгекке тарбиялоо

Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Тимурчулар” командасынын иштери Жыл ичинде Тарбия завучу Рейд баракчалары Жаңы окуу жылына план түзүлөт
2 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат
3 “Карылар күнүнө” карата “Тимурчулар”командасынын рейддери октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд баракчалары Балдар эмгекке,карыны сыйлоого тарбияланат
4 “Эмгек десанты” чөйрөнү тазалоо март Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк

кеңешмеде

Айлана-чөйрө тазаланат,балдар эмгекти сүйүүгө тарбияланышат
5 Кесип таңдоо боюнча бүтүрүчүүлөргө багыт берүү Март

Апрель

Май

Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Директор алдындагы кеңешмеде Окуучулар кесип таңдоого үйренет, багыт алат.

  

  1. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 “Мугалим-мөмөлүү дарак” мугалимдер күнүнө арналган концерттик программа октябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар

 

Мугалимдик кесипти урматтоого үйрөнүшөт
2 “Өспүрүм”,”Үй-бүлө”рейддери Жыл ичинде Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог, психолог Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд дептерлери,токтомдор Окуучулардын тартибине жашоо шартына байкоо жүргүзүлөт
3 Жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк берүү,класстык сааттар, акциялар Жыл боюнча Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог

Баш.класстардын класс жетекчилери

Өндүрүштүк кеңешмеде План,программа Жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт
4 Тематикалык тарбиялык сааттар Жыл ичинде Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде План Окуучулар ар тараптуу тарбия алышат

 

  1. Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу
Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
1 Ата-энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүү сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Ата-энелер жыйналышында келишим Ата-энелер менен келишимдер түзүлөт
2 Ата-энелер жыйналыштары  Ата-энелердин ИДН кызматкери менен жолугушуусу Сентябрь

Январь

Апрель

Тарбия завучу

Класс жетекчилер

Ата-энелер жыйналышында токтомдор Балдардын тартиби,ата-энелердин көзөмөлү күчөйт
3 “Мен келечекте энемин”кыздар жана энелер тегерек стол январь Тарбия завуч

психолог

Энелер,кыздар кеңеши

Энелер жыйналышында Программа, токтом Энелер кыздарга тарбиялык кеңешин беришет

 

 

                                                                                                                                 Бекитемин

                                                                                                                                Мектеп директору

                                                                                                                                Калыгулов С.К

                                                                                                                             ___________________2019 ж

 

 

Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу иш- чаралар

1 “РИСК” группасындагы окуучуларды тактоо.Аларга карточкаларды ачуу иштерин жүргүзүү,мугалимдерди бекитүү сентябрь Тарбия завучу
2 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешинин ишин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу.

Класс жетекчилер

3 Балдарды мектепке келип-кетүүдө жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү дайыма Тарбия завучу.класс жетекчилер
4 Тентек,ар кандай адепсиз иштерге жөндөмдүү,сабакты көп калтырган окуучулар менен иш алып баруу, Үйлөрүнө рейд жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу,соцпедагог, психолог, класс жетекчилер
5 Мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери ИДН менен биргеликте иштөө Жыл бою Тарбия завучу,соцпедагог, психолог, класс жетекчилер,ИДН кызматкери
6 Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө кечки рейддерди жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу

ИДН

Соц педагог

Класс жетекчилер

7 Кыздар арасында болуп жаткан кылмыштуулуктар боюнча “Кыз адеби кымбат”

9-11-класстар арасында медицина кызматкерлери   менен бирдикте тегерек стол уюштуруу

Жыл ичинде Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер
8 “Мектеп рэкетине жол жок” темасында диспут уюштуруу февраль Тарбия завучу
9 Маданий массалык спорттук иш чаралар аркылуу “Кылмыштуулукту болтурбайбыз” ураанынын астында “Мыкты спорттук класс”9-10-11-класстарда,”Мен жана менин ата-энем” 1-4-класстарда апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер

 

ТИ завучу:                                Алиева Н.И.

 

 

 

 

1 “РИСК” группасындагы окуучуларды тактоо.Аларга карточкаларды ачуу иштерин жүргүзүү,мугалимдерди бекитүү сентябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Группанын тизмеси,иштеле турган иштин мазмуну “Риск”группасындагы окуучулар такталат жана алардын үстүнөн иш жүргүзүлөт
2 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешинин ишин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу.

Класс жетекчилер

Өндүрүштүк кеңешмеде Курамдын ишинин анализи Курам иштей баштайт
3 Балдарды мектепке келип-кетүүдө жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү дайыма Тарбия завучу.класс жетекчилер Класстык сааттарда Окуучулардын маршруттары Окуучулар жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк алат
4 Тентек,ар кандай адепсиз иштерге жөндөмдүү,сабакты көп калтырган окуучулар менен иш алып баруу, Үйлөрүнө рейд жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Класстык сааттарда Рейддер жүргүзүлөт Тентек окуучулардын тартиби оңдолот
5 Мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери ИДН менен биргеликте иштөө Жыл бою Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер,ИДН кызматкери Педкеңеште каралат Зордук зомбулуктун алдын алуу
6 Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө кечки рейддерди жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу

ИДН

Соц педагог

Класс жетекчилер

Педкеңеште каралат Рейддер жүргүзүлөт.

Үй турмуштары менен таанышуу

Тентек окуучулардын тарбиясы оңолот
7 Кыздар арасында болуп жаткан кылмыштуулуктар боюнча “Кыз адеби кымбат”

9-11-класстар арасында медицина кызматкерлери   менен бирдикте тегерек стол уюштуруу

Жыл ичинде Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Кыздар кеңешинде каралат Кыздар менен тарбия иштери өткөрүлөт Кыздыардын тартиби оңолот
8 “Мектеп рэкетине жол жок” темасында диспут уюштуруу февраль Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде докладдар Рэкетчиликке каршы иш жүргүзүлөт
9 Маданий массалык спорттук иш чаралар аркылуу “Кылмыштуулукту болтурбайбыз” ураанынын астында “Мыкты спорттук класс”9-10-11-класстарда,”Мен жана менин ата-энем” 1-4-класстарда апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Спорт оюндары Окуучулардын бош убактысы көңүлдүү өтөт

 

 

 

 

 

 

  1. Кыздар менен иш алып баруу
1 “Кызгалдак” кыздар уюмун уюштуруу жана иш алып баруу сентябрь Тарбия завучу,класс жетекчилер,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат план Клуб уюшулат
2 Кыздар кеңешин өткөрүү кыздардын тартиби, өзүн алып жүрүүсү боюнча иш алып баруу октябрь Кыздар кеңеши тарбия завучу Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын тартиби Кыздар өзүнө тыкан, таза болот
3 “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”тегерек стол ноябрь Тарбия завучу,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздарды тазалыкка тарбиялоо
4 “Сүйүү жашоонун мааниси” эрте жашта турмуш куруунун кесепети.Кыздар арасында дебат.энелер жана медицина кызматкерлери,ИДНдын катышуусунда декабрь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат
5 “Мен келечекте энемин” дил баяндар конкурсу январь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат
6 Кыздар жана мед кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүү февраль Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын келечеги,турмуш куруусу,өзүн алып жүрүүсү боюнча кабар алышат
7 Энелер майрамын өткөрүү май Старосталар кеңеши Өндүрүштүк кеңешмеде каралат Сценарий түзүү Окуучулар  таланттарын көргөзө алышат
8 “Менин идеалым” темасында кыргыздын белгилүү кыздары жөнүндө тегерек стол өткөрүү апрель Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздардын белгилүү кыздары жөнүндө маалымат алышат
9 Кыздар кеңешинин жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, кыздардын тартиптери боюнча сүйлөшүү май кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат План Пландын аткарылышы каралат

 

 

 

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:                          Алиева Н.И.

 

 

 

 

 

 

 

 Воспитательная работа

Воспитательная работаВоспитательная работаВоспитательная работаВоспитательная работаВоспитательная работа

2 четверть воспитательная 2019 год t

Бишкек шаарындагы №83 орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун  орун басары Алиева Н.И. 2018-2019 окуу  жылындагы

I-чейрекке  карата  тарбия иштеринин   отчету.

1-сентябрь 2018-2019- окуу жылында №83 орто мектебинде билим күнүнө карата класстык  сааттар кыргыз класстарында, орус класстарында өтүлдү. Салтанаттуу линейкага 1-9-10-11 класстардын окуучулары, ата-энелер,мугалимдер,МТУ-нун кызматкерлери  жана меймандар келип катышышты.9-А,Б классынын окуучулары мектептин фасадын желекчелер жана шаарлар менен кооздошту,9-Г,Д  класстарынын окуучулары дубал гезиттерин жана гүлдөр менен жасалгалашты.Мектеп босогосун биринчи аттаган 1-класстын окуучулары ырларды айтышты.11-класстын окуучулары  даярдаган майрамдык концерттин  тартуу кылышты.                                                                                                                                                                                                                   Тарбиялык иш боюнча жылдык план менен тааныштыруу ,тарбиялык  пландарды бекитүү жүргүзүлдү. Класстык  журналдаржана тарбия журналдары бекитилди.Класс жетекчилердин бирикмесин түзүлүп,насаатчылар бекитилди.Бардык класс жетекчилерден   окуучулардын социалдык абалы  жөнүндө  маалыматтарды  соцпедагогтор  алышты. “Зомбулуксуз  үй бүлө” деген темада соцпедагог  алдын алуу  иштерин жүргүздү.

«Мектептик конференция» өткөрүп  парламент  түзүлдү.

4 –сентябрдан 29 сентябрга чейин  «Жол эрежесин сактайлы!» деген девиз менен бир айлык иш- чара өткөрүлдү. План түзүлдү, класстык саатар өтүлдү. Ар бир окуучунун күндөлүгүндө маршруттук схемалар чийилди.  Башталгыч  класстарында окуучуларды ата-энелери өздөрүү алып келип, алып кетүүлөрү милдеттендирилди. Ар бир ата-энеге тил кат жаздырырлып алынды. 1- 11-класстарда  « Жол эрежесин сактайлы! » деген темада ачык тарбиялык сааттарды өткөрүштү. «Светафордун  жаш жардамчысы»  деген темада акция парламенттин мүчөлөрү уюштурушту. «Жол эрежесин сактайлы!» деген темада 5-класстар арасында конкурс болуп өттү. Класс  жетекчилерге жолдо жүрүүнүн эрежелери,сууда сүзүү эрежелери,техника коопсуздук  эрежелери,өрт  коопсуздугу боюнча маалыматтар берилип,окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү ар бир окуучуга кол койдурулду.

5 — сентябрьдан 5 — октябрьга чейин “Бөөдө кырсыктарды азайтуу боюнча” план түзүлүп иш — чаралар өттү. Бул боюнча класстык сааттар өтүлдү, кыргыз тилчи мугалимдери тарабынан эссе, дилбаяндар жазылды, сурөт мугалимдери тарабынан ушул темага карата сүрөттөр тартылды. Дилбаян жазууда 11- А   класссынын окуучусу Эсеналиева Айжан шаардык деңгээлде ыраазычылык кат менен сыйланды.

Мамлекеттик мекемелерде “Текшерип — киргизип — чыгаруу” тартибине ылайык буйруктун негизинде мектептин ички буйругу жазылып, ата — энелер чогулушунда, класстык чогулуштарда окуучулардын коопсуздугун , ден —  соолугун , өмүрүн камсыз кылуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

23-сентябрь «Мамлекеттик тил» күнүнө карата майрамдык кече уюштурулуп,класстык сааттар болду. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 5-6-7-класстарынын окуучуларынынын арасында “Менин Кыргызстаным”аттуу обондуу ырлардын конкурсу болуп өттү.

Сентябрь айында сергек жашоо мүнөзү боюнча: “Озон катмары”, “Кутурма оорусу”  жана жугуштуу оорулар боюнча класстык сааттар өткөрүлдү. 15-октябрда Либрес компаниясы гинеколог врачтар менен биргеликте  6-7-8- класстын кыздарына Өспүрүм курактагы кыз баланын организиминин жетилүүсү тууралуу маалымат берип , лекция окулуп  түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү.

Сентябрь  айында  компьютерный клубдарга 2  жолу рейд жүргүзүлдү.Рейд учурунда эч кандай маалымат катталган жок. Тарбиялоого оор балдар менен иш  жүргүзүлүүдө. Мектеп ичинде тартип  бузгандар менен да  иш  жүргүзүлүп жатат. Сентябрь айынан бери себепсиз сабакка келбеген окуучуларга, класс жетекчилердин  билдирүүлөрүнүн негизинде соц. педагог,ЖӨИ кызматкери, тарбия завуч, психолог биргеликте иш алып барып жатышат.  Мындай окуучулар үчүн ай сайын бир жолу мектепте профилактикалык совет өтүп турат. ИИМ  менен биргелешкен план түзүлдү. Тартип бузучулук, наркомания, алкоголь ичимдиктери, тамеки чегуу, селсаяктыкты  алдын алуу   боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы иш-чаралар жүргүзүлүп, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша  анкеталар алынды.

МЖЖ,ИЖЖ,ЖӨКО  окуучулардан отряд түзүлүп,ар бир отрядка жоопту класс жетекчилер бөлүндү.

7-сентябрдан 18-сентябрга чейин бардык класстарда ата — энелер чогулушу болуп өттү. 14 сентябрда жалпы мектептик ата-энелер чогулушуу болуп өттү. Чогулушта окуучулардын тартиби, өзүн алып жүрүүсү, сабактарга катышуусу, кечигүүлөр, паракорчулук, терроризм – экстремизм жана  жугуштуу оруулардын(сарык, туберкулез, бруцеллез,кутурма ж.б.) алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.

Соц.педагог,психолог,уюштуруучу түзүлгөн пландардын негизинде,берилген тапшырмалардын негизинде тапшырмаларын аткарып,окуучулар менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.

Октябрь айында жүргүзүлгөн иш чара жөнүндө маалымат.

1-октябрь « Кары адамдар күнүнө » карата класстык  сааттар өткөрүлүп, парламент мүчөлөрүнүн жардамы   ар бир класс биздин мектепте иштеген   кары адамдарга чакан белектерин беришип , куттуктоо концертин тартуулашты. Ал эми мугалимдер күнүнө карата 11- А классы жана 11- Г классы  «Мугалим мектептин жүрөгү» атту куттуктоо концертин тартуулашты. «Мугалим менин кеңешчим», «Мугалим мөмөлүү дарак» деген темаларда баардык класстарда  класстык  сааттар өткөрүлүп,дубал гезиттери чыгарылды.

Түзүлгөн план боюнча 1-11 класстардын бардыгында класстык сааттар,мелдештер,акциялар,алдын алуу иштери жүргүзүлдү. План түзүлүп,ар кандай иш чаралар класстык сааттар,тренинг,бирин бири окутуу,предмет мугалимдердин бардыгы  түшүндүрүү  иштерин,алдын алуу иштерин  өткөрүштү.10-11- класс окуучуларынын арасында волейбол өткөрүлдү.План боюнча предмет мугалимдер  өз учурунда тиешелүү сабактарын өткөрүштү. Парламент мүчөлөрү тарабынан ар бир класста дубал гезиттери чыгарылды.Дубал гезиттеринде кылмыштуулуктун алдын алуу иштери боюнча маалыматтар берилди.Тартип бузууга  карата жаш өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү темадагы класстык  сааттар өткөрүлдү. Тарбиялоого оор балдар менен ата-энелери чакырылып,социалдык педагог  менен бирдикте профилактика иштери жүргүзүлүп жатат.Тартип бузган  окуучулар менен да жекече  сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ата-энелери  тарабынан көзөмөлгө алынды. Ар бир класстык  саатта жолдо жүрүүнүн эрежелери,өрт коопсуздугу, техника коопсуздугу,өзгөчө кырдаалдар  боюнча  маалыматтар класс жетекчи тарабынан берилип турат.

Күндөлүктөр өз убагында текшерилди,  эскертүүлөр берилди.

5-11-класстарда күз майрамына карата конкурс өткөрүлдү.1-11 класстарда «Күзгү түшүм», «Күздүн белектери», «Бишкекте күз» ж.б. күз майрамына арналган класстык саттар өткөрүлдү.

Сергек жашоо мүнөзү программасы боюнча  , лекция,класстык сааттар  өткөрүлдү. Окуучуларга өздүк гигиенаны сактоо,тазалыкты сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,кабинеттерди желдетүү ,хлор менен тазалоо болуп жатат.Мектептин ички жана тышкы территориялары өз убагында тазаланып турду. Террордук-экстремисттик  агымдар,антикорупцияга каршы күрөшүү жөнүндө түшүндүрүү,алдын алуу иштери  окуучулар  жана  ата-энелер менен жүргүзүлдү. Улантмалуулук боюнча 5-класстын класс жетекчилери өз отчётторун беришти. Октябрь айында 4 жолу рейд компьютерный клубдарга жүргүзүлдү.Тарбиялоого оор балдар менен иш  жүргүзүлүп  жатат. Чейректин жыйынтыгы менен коопсуздук эрежелери жөнүндө маалыматтар берилип,каникул учурунда сак  жүргүлө деп айтылды. Улантмалулук боюнча 5 класстын класс жетекчилери отчет беришти.

 

ТИ боюнча директордун орун басары:                                    Алиева Н.И.