Мектеп №83 №83 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

Новости

2024-2025-окуу жылындагы орус тили жана адабияты декадасы аяктады! Мектептин коридорлору поэзиянын үндөрүнө, улуу чыгармалар тууралуу ой жүгүртүүлөргө жана чыгармачылык талаш-тартыштарга толду. Биз орус классикасынын дүйнөсүнө аралашып, интерактивдүү викториналарга катышып, чыгарма жана ыр жазууга аракет кылдык. Адабий кечелер жана ырлар сынагы өзгөчө популярдуу болду, анда ар бир окуучу өз талантын көрсөтө алды. Декада орус тилинин майрамы […]
15.10.2024 47
  Бүгүн мугалимдердин майрамында, №83 мектебинин окуучулары өздөрүнүн сүйүктүү устаздарына ыраазычылык билдиришип, видео каалоо жазашты. Мектеп жылуу сөздөр менен нур чачып турат. Урматтуу мугалимдер, сиздердин эмгегиңиздерге баш ийебиз, Чоң рахмат!  
04.10.2024 68
2024-жылдын 25-майында биздин мектепте акыркы коңгуроо арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. 25-май бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө күн. “Акыркы коңгуроо” балалык менен, сүйүктүү мугалимдер, мектеп жана классташтар менен коштошуу. Мугалимдер үчүн бул күн мындан кем эмес кызыктуу, анткени алар өз жанын салган, акыркы жылдардан бери чындап байланып калган окуучуларын турмуш сапарына узатышат. Ошондуктан, бул майрамда кубанычтын жана […]
26.05.2024 60
№83 ЖББОМинде 9-майга карата «Эч ким,эч нерсе унутулбайт» аттуу иш-чара  болуп өттү.Андан тышкары тарбиялык класстык сааттар,куттуктоо видеолор тартылды.
08.05.2024 111
Мамбетова А.Ы. жетектеген ийрим «Эко Келечек» жана мектеп активисттери Ата-Бейит мемориалдык комплексинде.
07.05.2024 105
Уюштуруучу Сейталиева А.А. жана Келечек балдар активисттери, 11-Б классынын окуучулары Токтобекова Айжамал, Жангазиев Уларбек «Желимге жаңы жашоо» проектин иштеп чыгышты. Желим бөтөлкөлөрүнөн КР Кызыл китебине кирген үкү жаныбарын жасап,мектеп аянтчасына орнотушту. Проект экологияны сактоо,таштандыдан арылтуу жана кооздук тартуулоо максатында иштелип чыкты.
07.05.2024 106
№83 ЖББОМнин мугалимдери райондук волейбол таймашына жигердүү катышып келишти. Дени сак мугалим, билимдүү муун! 
04.05.2024 95
Бишкек шаарынын туулган күнүн белгилөө үчүн биздин мектепте салтанаттуу линейка,флешмоб бийлер жана класстык сааттар өтүлдү.
30.04.2024 87
Бишкек шаарынын 146 жылдыгына карата мектепте сергек жашоо образын чагылдыруу менен катар футболдук таймаш өтүлдү. 8-9-класстар арасында оюнду «Келечек» жаштар уюму (парламент) уюштурду. Жыйынтыгында 1-орун 8-Г класс, 2-орун 9-Г, 3-орун 8-А классы жеңишке ээ болушту.
29.04.2024 84
№83 ЖББОМ 10-11-классынын окуучулары райондук «Эр жигит» сынагына жигердүү катышып келишти. Болатхан агайдын эмгеги зор! Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз! Колдоочулар тарбия завучу Борбуева А.К., уюштуруу завучу Сейталиева А.А. жана парламент!
25.04.2024 75
6-класстардын курама ЖЖТ командасы райондук сынакка жигердүү катышып келишти.
24.04.2024 79
23-апрель Китеп күнүнө карата окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте «Бирге окуйбуз» таймашы болуп өттү. 2-А жана 2-В классынын окуучулары жана ата-энелери жигердүү катышты. Таймаштын жүрүшүндө «Тиштин тилеги» аттуу китептин мазмуну боюнча суроо-жооп тор, үй тапшырмалар болду. Жыйынтыгында,эки класс тең бирдей упайга ээ болуп 1-орунду алышты. Азаматсыңар!
24.04.2024 77
1 / 1612345...10...»