СОШ №83 Средняя общеобразовательная школа №83

Биз жөнүндө

Бишкек шаарындагы № 83 жалпы билим берүү орто мектеби 2001 жылы 1- сентябрда ачылган. Мектептин ачылыш аземине Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаев катышып, жаш өспүрүмдөр мектеп босогосун аттаган. Мектеп  750 балага эсептелинип, курулган. Азыркы учурда мектепте 1864 окуучу билим алууда. Мектеп кош тилдүү болгондуктан окутуу орус жана кыргыз тилде жүргүзүлөт.